Талкаланып, оңдоо кезегин күтүп... Бишкектин автобус паркынан тартылган видео

Бишкек мэриясы борбор калаадагы автобустар тууралуу толук маалымат берип, “Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасынын" автопаркын көрсөттү.
Sputnik
Бүгүнкү күндө Бишкек шаары боюнча 476 автобус бар. Бирок алардын ичинен 140ы гана иштеп, күн сайын эл ташууга 103 автобус чыгат. 156сы узак убакытка созулган оңдоп-түзөөдө жатса,  40 автобус майда-чүйдө оңдоолорго муктаж. Калган 140ы жарактан чыккан. Аларды эсептен чыгаруу боюнча маселе Бишкек шаардык кеңешинин кароосуна киргизилген.
“Бишкек жүргүнчүлѳр автотранспорт ишканасынын" эки автобазасы бар. Алар Кустанай жана 7-Апрель көчөлөрүндө жайгашкан. Дал ошол жерден адистер бузулган техниканы оңдоп, кайрадан ишке киргизишет.
Муниципалдык транспорттун басымдуу бөлүгүн түзгөн Евро-2 жана Евро-3 үлгүлөрүндөгү автобустардын бир бөлүгү Социалдык фонд берген 200 миллион сом насыяга сатып алынган. Бирок мекеме карызынан кутула албай калып, насыя жергиликтүү бюджеттин эсебинен жабылган. Андыктан мекеме шаардык бюджетке карыз болуп калган.
Ал эми жалпысынан Бишкекте коомдук транспорт каттачу 135 маршруттун негизинде 1400 транспорт эл ташыганы чыгат.