Кыз-келиндерди иш менен камсыздоо үчүн Сузакта чоң тигүү цехи ачылды. Сүрөт

Сузак районунун акими Төрөгелди Түркбаев долбоор кыз-келиндерди үйдө отурбай иштөөгө үндөп, үй-бүлөлүк бюджетти толтурууда маанилүү роль ойной турганын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 8-апр.— Sputnik. Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Благовещенко айылында тигүү цехи ачылды. Бул тууралуу БУУнун аялдар түзүмүнүн Кыргызстандагы өкүлчүлүгү кабарлады.
1 / 3
Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Благовещенко айылында тигүү цехи ачылды
2 / 3
Элеттин аялдарын иш менен камсыз кылуу максатында ачылган цехке 160 миң сомго тигүүчү машиналар сатып алынган
3 / 3
Цехти иштетүүгө БУУнун аялдар түзүмү көмөк көрсөткөн.
Билдирмеге ылайык, элеттин аялдарын иш менен камсыз кылуу максатында ачылган цехке 160 миң сомго тигүүчү машиналар сатып алынган. Цехти иштетүүгө БУУнун аялдар түзүмү көмөк көрсөткөн.
Сузак районунун акими Төрөгелди Түркбаев долбоор кыз-келиндерди үйдө отурбай иштөөгө үндөп, үй-бүлөлүк бюджетти толтурууда маанилүү роль ойной турганын белгилеген.
Аким райондук администрация цех ачуу үчүн жайды таап бергенин айтып, цех биргелешкен жумуштун аркасы менен ачылып жатканын кошумчалады.