Садыр Жапаров COVID-19дун үчүнчү толкунуна даярдык боюнча кеңешме өткөрдү

Президент бардык облустардын саламаттык сактоо мекемелеринин жетекчилерин чогултуп, аларга бир катар тапшырмаларды берди.
Sputnik
БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бардык облустардын саламаттык сактоо мекемелеринин жетекчилерин чогултуп, эпидемиологиялык кырдаал жана аны жакшыртуу боюнча маселени талкуулады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
1 / 4
Президент Садыр Жапаров бардык облустардын саламаттык сактоо мекемелеринин жетекчилерин чогултуп, эпидемиологиялык кырдаал жана аны жакшыртуу боюнча маселени талкуулады
2 / 4
Медициналык мекемелердин жетекчилери COVID-19 пандемиясынын божомолдонуп жаткан үчүнчү толкунуна даярдыгы жөнүндө маалымат беришти
3 / 4
"Президент ооруканаларды дары-дармектин запасы менен жетиштүү камсыздоо, кошумча орундарды уюштуруу милдетин койду. Ошондой эле коронавирус жуктурган учурларды эрте аныктоо үчүн тест-системаларды кошумча сатып алуу керектигин айтты", — деп жазылат билдирүүдө.
4 / 4
Эске салсак, март айынан бери өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны кайрадан көбөйүп бара жатат.
Медициналык мекемелердин жетекчилери COVID-19 пандемиясынын божомолдонуп жаткан үчүнчү толкунуна даярдыгы жөнүндө маалымат беришти.
"Президент ооруканаларды дары-дармектин запасы менен жетиштүү камсыздоо, кошумча орундарды уюштуруу милдетин койду. Ошондой эле коронавирус жуктурган учурларды эрте аныктоо үчүн тест-системаларды кошумча сатып алуу керектигин айтты", — деп жазылат билдирүүдө.
Эске салсак, март айынан бери өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны кайрадан көбөйүп бара жатат. Мисалы, акыркы суткада ооруп калгандардын саны 200дөн ашып кетти.