222 киши вирус жугузуп, төрт бейтап көз жумду. COVID боюнча статистика

Бишкек шаары эпидемиологиялык абалы боюнча "кызыл" зонага киргизилген эле. Анткени вирус жугузуп алгандардын басымдуу бөлүгү борбор калаада катталууда.
Sputnik
БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда коронавирустан 111 адам сакайып, 222 киши жуктуруп алды. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
Ушуну менен оору илештиргендердин жалпы саны 89 660ка жетти. Анын ичинен 85 607 адам дартты жеңген.
Айыккандар:
Тилекке каршы, өткөн суткада дарт төрт адамдын өмүрүн алды. Анын ичинен бирөө Бишкектен болсо, үчөө Чүй облусунан экени айтылды. Жалпысынан өлкөдө коронавирустан 1 516 бейтап каза тапты.
Учурда стационарда 712 бейтап дарыланууда, алардын ичинен 158 адамдын абалы оор. Ал эми 24 кишинин абалы өтө оор деп бааланууда.
Акыркы сутка ичинде 3 924 ПЦР-анализ алынды.