Коронавирус психикалык ден соолукка кандай таасир этери аныкталды

Чет элдик адистердин изилдөөсүнө COVID-19 менен ооруп айыккан 236 миң бейтап катышкан. Көбүнүн тынчы кетип, ачууга алдырып жатканы байкалган.
Sputnik
БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Коронавирус жуктурган ар бир үчүнчү бейтап жарым жылдан кийин психикалык жана нервдик оорулар менен жабыркайт. Мындай пикирге АКШ менен Улуу Британиянын окумуштуулары келгенин "Известия" Lancet Psychiatry журналына таянуу менен жазды.
ДССУ коронавирустан көз жумгандардын саны өсүп жатканын билдирди
Изилдөөгө катышкандардын көбү коркуп, тынчы кетип, ачууга тез алдырып жатканын айткан. Ошондой эле сасык тумоо же башка дем алуу органдарынын оорусуна караганда коронавирус менен күрөшкөндөрдүн мээсинин функциясы эрте бузулары аныкталган.