Кара-Сууда кайнатасын өлтүрүп, кайненесин жарадар кылган шектүү кармалды. Сүрөт

Шектүү балдарын көргөнү барганда кайнатасы үйгө киргизбей, экөө уруша кеткен. Аларды ажыратам деген кайненеси да эки ирет бычак жеген.
Sputnik
БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Оштун Кара-Суу районунун Нариман айыл өкмөтүндө кайнатасын өлтүрүүгө шектүү киши кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.
Шектүү
Окуя 6-апрелде саат 23:20лар чамасында болгон. Анда ВЛКСМ аймагына 30 жаштагы киши балдарын көргөнү барганда кайнатасы үйгө киргизбей, экөө уруша кеткен.
"Кылмышка шектүү өзү ала келген ашкана бычагы менен кайнатасын далыга, көкүрөгүнө, сол колуна, моюнуна, ичине сайган. Ал 7-апрель күнү таңга маал ооруканадан көз жумду. Аларды ажыратам деген кайненеси да эки ирет бычак жеген, ал ооруканада", — деп айтылат маалыматта.
Факты боюнча Жазык кодексинин "Адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү камакка алынган. Бир катар экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүүдө.
Каза болгон киши 44 жашта болгон, артында үч баласы калды. 30 жаштагы шектүү эки баланын атасы.