Бишкектин түштүк районуна сквер салынат

Аталган жашыл зонаны салууга шаардык бюджеттен каражат кетпейт. Чыгымдын баарын инвестор өз мойнуна алган.
Sputnik
БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Ордо калаада Юнусалиев — Сухэ-Батор көчөлөрүнүн кесилишинде жакын арада жашыл зона пайда болот. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
1 / 3
Ордо калаада Юнусалиев — Сухэ-Батор көчөлөрүнүн кесилишинде жакын арада жашыл зона пайда болот
2 / 3
Аталган жашыл зонаны салууга шаардык бюджеттен каражат кетпей турганы белгилүү болду
3 / 3
Чыгымдын баарын инвестор өз мойнуна алган. Ошол жерде ижарага келишимдери бар объектилер башка жакка көчүрүлөрү кошумчаланды.
Ага ылайык, сквер мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергеновдун тапшырмасы менен салынмакчы.
"Мэриянын алдындагы жер ресурстары боюнча башкармалык муниципалдык жер тилкелерди ижарага берүү боюнча комиссияда аталган сквердеги объектилер менен келишимдерин токтотту",— деп айтылат маалыматта.
Аталган жашыл зонаны салууга шаардык бюджеттен каражат кетпей турганы белгилүү болду. Чыгымдын баарын инвестор өз мойнуна алган. Ошол жерде ижарага келишимдери бар объектилер башка жакка көчүрүлөрү кошумчаланды.