Радио

Шигаев: баңгизат жөнүндө мыйзамдын жаңы редакциясы түзүлүүдө

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Уюштуруу-аналитикалык башкармалыгынын башчысы, подполковник Айдар Шигаев Россия аталган кызматка материалдык-техникалык жана каржылык жардам көрсөтөрүн айтты.
Sputnik
Россия өкмөтү Кыргызстандын ИИМинин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына 2021-2022-жылдарга карата 5,2 миллион доллар бөлгөнү жатат. Бул тууралуу Айдар Шигаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, баңгизатка каршы мамлекеттик саясатты натыйжалуу жүзөгө ашыруу үчүн мыйзамдын жаңы редакциясы түзүлүүдө.
"Россия өкмөтү менен сүйлөшүүлөр 2018-жылы эле башталган. Жыйынтыгында эми гана жардам берилмей болду. Бул каражатка биринчи кезекте баңгизат менен күрөшүү тутумун жакшыртууну көздөп жатабыз. Ошондой эле материалдык-техникалык жардам, адистердин квалификациясын жогорулатуу, синтетикалык баңгизаттар менен күрөшүү программаларын сатып алуу каралды. Андан тышкары, баңгизат менен иштеп жаткан адистер коррупциялык жолдорго барбашы үчүн чоң иштердин бетин ачса, кошумча каражат төлөнүп берилет. Кыргыз өкмөтүнүн 2014-2020-жылдарга чейинки баңгизатка каршы күрөшүү программасынын мөөнөтү бүттү. Эми келерки беш жылга жаңы программа түзүлө баштады", — деди Шигаев.
Подполковник убакыт өткөн сайын жаңы психоактивдүү заттар пайда болуп жаткандыктан баңгизаттар жөнүндөгү мыйзамда көрсөтүлгөн ченемдик-укуктук актыларды өзгөртүү зарылдыгын кошумчалады.