Балыкчыда Айзаданын сөөгү жерге берилди. Сүрөт

Айзада Канатбекова Бишкектин көчөлөрүнүн биринде уурдалып, кийин шаар четинде турган унаадан сөөгү табылган. Ага кол салган киши өз өмүрүн кыйганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Балыкчы шаарында ала качуунун курмандыгы болгон Айзада Канатбекованын сөөгү жерге берилди. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине аймактык кабарчы билдирди.
1 / 3
Балыкчы шаарында ала качуунун курмандыгы болгон Айзада Канатбекованын сөөгү жерге берилди
2 / 3
Кыздын сөөгү таятасынын үйүнөн чыкканы айтылат
3 / 3
Кыз өзү Бишкекте иштеген.
Кыздын сөөгү таятасынын үйүнөн чыкканы айтылат. Кыз өзү Бишкекте иштеген.
Президент Жапаров Айзаданын өлүмү боюнча үн катты
Эске салсак, 5-апрель күнү эртең менен саат 7:00дөр чамасында Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинен үч бала 27 жаштагы кызды кызыл түстөгү унаага салып кеткен. Кыздын туугандары ошол эле күнү издеп башташкан. Биринчи май райондук милицияга саат 7:30да кабарлаган. Бирок издөө иштери кечеңдеп жатканына нааразы болуп, эртеси ЖМКларга кайрылышкан.
Ал эми 7-апрелде изделип жаткан автоунаа Чүйдөгү Арашан менен Чокморов айылдарынын ортосунан табылган. Ал тууралуу милицияга жергиликтүү чабан кабар берген.
Автоунаанын ичинен киши колдуу болгон Айзада Канатбекованын жана 36 жаштагы кишинин бычакталган сөөгү табылган.
Кечинде кызды ала качууга катыштыгы бар делип бир шектүү кармалды.