Ниязбеков: Айзаданы ала качууга катышкан төртүнчү шектүү кармалды

Буга чейин кылмышка катышы бар делип 32 жана 29 жаштагы жарандар кармалган. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Sputnik
БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Айзада Канатбекованы ала качууга катышкан деген шек менен дагы бир адам кармалды. Бул тууралуу ички иштер министри Уланбек Ниязбеков парламенттин жыйынында билдирди.
Айзада Канатбекованы ала качууга катышкан деген шек менен дагы бир адам кармалды
Ал депутаттардын суроосуна жооп берип жатып төртүнчү шектүү дагы (өз жанын кыйган Замирбек Теңизбаевди кошкондо) кармалганын айтты.
Кызматтан кетүүгө качан арыз жазасыз? Министр Ниязбековдун жообу видеодо
Бул кылмыш иши президент жана премьер-министрдин көзөмөлүндө экенин кошумчалады.
Ал эми Бишкек шаардык милициясынын маалыматы боюнча, кылмышка шектүү деп борбор калаадан 26 жаштагы, Жалал-Абаддан 30 жаштагы киши кармалды (өз жанын кыйган Замирбек Теңизбаевди кошкондо беш).
Буга чейин кылмышка катышы бар делип 32 жана 29 жаштагы жарандар кармалган.