Айзаданы ала качууга катышкан экинчи шектүү кармалды. Сүрөт

Издөө иш-аракеттеринин алкагында 27 жаштагы К.А. деген дагы бир шектүүнүн жүргөн жери аныкталган.
Sputnik
БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Айзада Канатбекованы ала качууга жардам берген экинчи шектүү кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББден билдиришти.
Маалыматка караганда, 32 жаштагы З.Р. Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Маалыматка караганда, 32 жаштагы З.Р. Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди
Издөө иш-аракеттеринин алкагында 27 жаштагы К.А. деген дагы бир шектүүнүн жүргөн жери аныкталган. Учурда издөө иштери улантылып жатат.
Эске салсак, 5-апрель күнү эртең менен саат 7:00дөр чамасында Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинен үч бала 27 жаштагы кызды кызыл түстөгү унаага салып кеткен. Кыздын туугандары ошол эле күнү издеп башташкан. Биринчи май райондук милицияга саат 7:30да кабарлаган. Бирок издөө иштери кечеңдеп жатканына нааразы болуп, эртеси ЖМКларга кайрылышкан.
Балыкчыда Айзаданын сөөгү жерге берилди. Сүрөт
Ал эми 7-апрелде изделип жаткан автоунаа Чүйдөгү Арашан менен Чокморов айылдарынын ортосунан табылган. Ал тууралуу милицияга жергиликтүү чабан кабар берген.
Автоунаанын ичинен киши колдуу болгон Айзада Канатбекованын жана 36 жаштагы кишинин бычакталган сөөгү табылган.
Кечинде кызды ала качууга катыштыгы бар делип бир шектүү кармалган.