Жапаров экс-президенттер менен "Ата-Бейитке" барып, куран окуду. Сүрөт

Алар 1916-жылы курман болгондордун, 1937-1938-жылдардагы саясий репрессиянын курмандыктарынын, 2010-жылдагы Апрель элдик революциясынын баатырларынын мемориалына жана жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бейитине гүл коюшту.
Sputnik
БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-апрелде, "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине барып, Апрель элдик революциясында курман болгон баатырларды эскерди. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
1 / 5
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-апрелде, "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине барып Апрель элдик революциясында курман болгон баатырларды эскерди
2 / 5
Иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов, премьер-министр Улукбек Марипов, Жогорку соттун төрайымынын милдетин аткаруучу Нургүл Бакирова, экс-президенттер Роза Отунбаева жана Сооронбай Жээнбеков катышты
3 / 5
Алар 1916-жылы курман болгондордун, 1937-1938-жылдардагы саясий репрессиянын курмандыктарынын, 2010-жылдагы Апрель элдик революциясынын баатырларынын мемориалына жана жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бейитине гүл коюшту
4 / 5
Ошондой эле алардын урматына куран окулду
5 / 5
Андан кийин Бишкектин борбордук "Ала-Тоо" аянтында 2002-жылдагы Аксы жана 2010-жылдагы Апрель окуяларында элдин эркиндиги үчүн курман болгондордун элесине арналган монументке гүл коюшту.
Иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов, премьер-министр Улукбек Марипов, Жогорку соттун төрайымынын милдетин аткаруучу Нургүл Бакирова, экс-президенттер Роза Отунбаева жана Сооронбай Жээнбеков катышты.
"Алар 1916-жылы курман болгондордун, 1937-1938-жылдардагы саясий репрессиянын курмандыктарынын, 2010-жылдагы Апрель элдик революциясынын баатырларынын мемориалына жана жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бейитине гүл коюшту. Ошондой эле алардын урматына куран окулду", — деп айтылат маалыматта.
7-апрелде кыргыз эли бийликтин ээси экенин даңазалады. Жапаровдун кайрылуусу
Андан кийин Бишкектин борбордук "Ала-Тоо" аянтында 2002-жылдагы Аксы жана 2010-жылдагы Апрель окуяларында элдин эркиндиги үчүн курман болгондордун элесине арналган монументке гүл коюшту.
Апрель окуясы кыргыз тарыхында кара так болуп калганы шексиз. 11 жыл мурун болгон төңкөрүштүн себеби жана анын кандайча ишке ашканын Sputnik агенттиги даярдаган видеоинфографикадан көрүүгө болот.