Болот Шамшиевди эскерип... Минскиликтерге кыргыз кинолору тартууланат

Беларуста атактуу режиссёр Шамшиевдин мындан 49 жыл мурда тартылып кыргыз киносунун шедеврлеринин катарын толуктаган мыкты тасмасы да көрсөтүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Минск калаасында 9-11-апрелде кыргыз киносунун күндөрү өтүп, борбор шаардын тургундары кыргыз жана советтик кинорежиссёрлор тарткан тасмаларды көрө алат. Бул тууралуу Кыргызстандын Беларустагы элчилигинен билдиришти.
Аталган мамлекеттин жарандарына сунушталып жаткан кинокартиналар кезегинде улуттук жана эл аралык кино сыйлыктарынын байгелерине татыган.
Күзүндө Өзбекстанда Кыргызстандын маданият күндөрү өткөрүлөт
Иш-чара Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына, СССРдин эл артисти, СССРдин мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, кинорежиссёр Болот Шамшиевдин 80 жылдыгына карата уюштурулуп жатканы маалымдалды.
Анын ачылышында, тагыраагы, биринчи күнү жаш кинорежиссёр Айбек Дайырбековдун "Дарак ыры" мюзикли (2018-жыл) тартууланат. Бул эмгек эл аралык кинофестивалдарда байгеге татып жана улуттук "Ак илбирс" сыйлыгынын сегиз номинациясына ээ болгон.
Улуттук банк Алыкул Осмонов тууралуу таасирдүү ролик тартты
Кийинки күндөрү минскиликтерге "Сүтак", "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" кинокартиналарын көрүү мүмкүнчүлүгү жаралат. Тасмалар Минск калаасындагы "Беларусь" кинотеатрында көрсөтүлөт.
Беларустагы кыргыз кино күндөрү эки өлкөнүн ортосундагы маданий эл аралык кызматташуунун алкагында жана бул жааттагы алака-катышты жакшыртуу максатында өтмөкчү.
Элчилик бул маданий иш-чара аталган өлкөнүн Маданият министрлигинин колдоосу менен уюштурулганын билдирди.