Кыргызстанда коронавирус 161 кишиден табылып, үч бейтап көз жумду

Оору жуктургандардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаары менен Чүй облусунда катталган. Каза тапкан бейтаптар дагы ушул эки аймактан.
Sputnik
БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда коронавирус 161 адамдан аныкталган. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
Ушуну менен оору илештиргендердин жалпы саны 89 438ге жетти. Анын ичинен 85 496 адам дартты жеңген.
Айыккандар:
Тилекке каршы, өткөн суткада дарт үч адамдын өмүрүн алды. Анын ичинен экөө Бишкектен болсо, бирөө Чүй облусунан. Жалпысынан Кыргызстанда коронавирустан 1 512 бейтап каза тапты.
Учурда стационарда 690 бейтап дарыланууда, алардын ичинен 147 адамдын абалы оор. Ал эми 23 кишинин абалы өтө оор деп бааланууда.