Радио

Топонимист: суу сактагычтын аталышы Кемпир-Абад эмес, Кемпир-Рават

Тарыхчы топонимист, картограф Темиркул Эшенгулов Ош облусунда жайгашкан Кемпир-Рават суу сактагычы тууралуу айтып берди.
Sputnik
Кемпир-Рават жайгашкан жери боюнча табиятынан суу сактагыч болууга абдан ыңгайлуу. Бул тууралуу Темиркул Эшенгулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган суу сактагыч Анжиян облусунун калкын электр энергиясы менен камсыздоого кудурети жетет.
"Суу сактагыч 1960-жылдары курулган. Ошол аймактагы тарыхый шаар бардык эле чоң калаалардай рават болгон. Ал рават сланец деп аталган минерал же көгүш түстөгү таштардан курулуп, кат-кат болуп турат. Бишкекте деле пайдубалы ушундай үйлөрдү кезиктирүүгө болот. Мына ошол таштардын жылмакай эмес кат-кат болуп турушу, сөлөкөтү кемпирдин элесин бергендиктен ушундай аталып калган. Убакыттын өтүшү менен ал раваттар талкаланып жок болгон, бирок ошол аймак бул атты сактап кала берген. Суу сактагыч мына ушул аймактын географиялык, тарыхый аталышынан улам Кемпир-Рават болгон", — деди Эшенгулов.
Адис ал жерге 2 миллион куб метрге жакын суу батарын, бул чоң суу сактагычтарга кирерин кошумчалады.