ЖКнын мурдагы депутаты Токтогул Туманов пневмониядан каза болду

Токтогул Туманов 2004-2010-жылдар аралыгында Жалал-Абад шаардык кеңешинин, 2010-2012-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.
Sputnik
БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Токтогул Туманов пневмониядан кайтыш болду. Маалыматты Республикалык инфекциялык оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев тастыктады.
Анын айтымында, эл өкүлү 6-апрель түнү каза болгон.
"Бейтап коноровирустук пневмониянын оор түрү менен ооруканага түшкөн. Ал 1-апрелде жандандыруу бөлүмүндө жаткырылган, кечээ саат 22.00 чамасында көз жумду", — деди Аалиев.
55 жаштагы Токтогул Туманов 2004-2010-жылдар аралыгында Жалал-Абад шаардык кеңешинин, 2010-2012-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Андан соң Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун алдындагы "Мүлк" мамлекеттик ишканасынын директору болуп иштеген.