Бишкекте Mazda жол чийинден өспүрүм менен кичинекей кызды сүзүп кетти

Кайгуул милициядан билдиришкендей, жабыркагандар оор абалда ооруканага жеткирилген. Айдоочу качкан эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 7-апр.— Sputnik. Бишкекте Mazda үлгүсүндөгү автоунаа жөө адамдар өтүүчү жерден 17 жаштагы өспүрүм менен дагы бир кызды сүзүп кетти. Бул тууралуу шаардын Кайгуул милициясынын маалымат кызматы кабарлады.
Жол кырсыгы ордо калаанын Москва — Раззаков көчөлөрүнүн кесилишинде 6-апрель күнү саат 21:40тар чамасында болгон.
Кайгуул милициядан билдиришкендей, жабыркагандар оор абалда ооруканага жеткирилген. Айдоочу окуя болгон жерден из жашырып кеткен эмес. Автоунаасы айып короого токтотулганы маалым болду.