Бишкектен кыз ала качууга катыштыгы бар делген шектүүнүн бири кармалды

Милиция бул ишке тиешеси бар делген дагы эки адамды издеп жатат. Колго түшүрүлгөн 29 жаштагы шектүү Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Sputnik
БИШКЕК, 7-апр.— Sputnik. Бишкектен кыз ала качууга катыштыгы бар деген шектүүнүн бири кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
Бишкектен кыз ала качууга катыштыгы бар деген шектүүнүн бири
Эске салсак, 5-апрель күнү эртең менен саат 7:30дар чамасында Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде үч бала 27 жаштагы кызды кызыл түстөгү унаага салып кеткен. Бул учур ошол жердеги кафенин видео байкоосуна тартылып калган. Бүгүн, 7-апрелде, милиция тарабынан изделип жаткан автоунаа Чүйдөгү Арашан менен Чокморов айылдарынын ортосунан табылган. Автоунаанын ичинен киши колдуу болгон кыздын жана 36 жаштагы кишинин бычакталган сөөгү табылган.
Ала качуу фактысын көрсөңөр чалгыла! ИИМдин кайрылуусу
Милициянын ыкчам-тергөө тобу тарабынан кызды ала качууга катыштыгы бар деген адамдар изделип, жыйынтыгында 29 жаштагы Р.А. аттуу шектүү кармалган. Ал тергөө кызматына жеткирилип, Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесинин негизинде Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Күч органдары учурда дагы эки шектүүнүн жүргөн жерин аныктап, кармоо боюнча ыкчам-издөө иш-аракеттери жүрүп жатканын билдирди.
Белгилей кетсек, кыздын туугандары аны 5-апрелде эле издеп башташкан. Биринчи май райондук милицияга арыз жазып, бирок издөө иштери кечеңдеп жатканына нааразы болушкан.