Бишкектиктер Жерге метеорит түшкөндөй көрүнүштү видеого тартып алышкан

Соцтармакта метеорит болушу мүмкүн деп божомолдоп жатышат. Анын Жерге түшкөн-түшпөгөнү азырынча белгисиз.
Sputnik
БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Шаршембиге караган түнү Бишкек шаары менен Чүй облусунун тургундары асмандан учуп түшкөн жарыкты көрүштү.
Учурда ал эмне экени социалдык тармактарда талкууланууда. “Короче” Telegram каналына жарыяланган видеодон асмандан жарк этип түшкөн кубулушту көрүүгө болот.
Интернет колдонуучулары ал метеорит болушу мүмкүн деп божомолдоп жатышат. Анын Жерге түшкөн-түшпөгөнү азырынча белгисиз.