Дүйнөнү түрө кыдырган "Көз айнекчен". Тасмадагы кызыктуу ирмемдер

Sputnik

Советтик белгилүү режиссёр, оператор Альгимантас Видугирис 1972-жылы "Кыргызтелефильмдин" алдында өспүрүмдөргө арналган кыска метраждуу фильм тарткан. Анын оператору Константин Орозалиев, композитору Шандор Каллош болуп, мектеп курагындагы Кубанычбек Алыбаев, Бермет Маликова, Олег Каркавцев, Андрей Сопуев, Андрей Губанов, Элмира Илипаева роль жараткан. Алар менен кошо Советбек Жумадылов, Маргарита Киватская жана Фрунзе шаарынын 5-кичи районунун жашоочулары да катышкан. Ага чейин даректүү фильм тартып келген кинематографист кичинекей балдар үчүн тасма жаратуу алдында борбор калаадагы мектептерди кыдырып, ылайыктуу каармандарды издеген.

Кинодогу Сур эчки менен барстын кийинки тагдыры. "Ак илбирстин тукумунан" 13 сүрөт
Аталган кинокартинада кичинекей балдардын ички дүйнөсү, көз карашы, ой жүгүртүүсү, алардын айлана-чөйрөгө жана адамдарга жасаган мамилеси чеберлик менен көрсөтүлгөн. Сюжет боюнча Фрунзе шаарында ата-энеси менен жашаган көз айнекчен жоош Кубанычбекти өзү курактуу балдар теңсинбей кемсинтип жүрүшөт. Теңтуштарына толук аралаша албаган окуучу өзүнүн кыялдар дүйнөсүндө күчтүү, тайманбас болуп жашап, Бермет деген кичинекей кызды жактырат. Бир жолу ал жайкы каникулда айылга барып ат минип, дараметин, күчүн ошол жактан сынаганга жетишет. Кыялкеч баланы элеттик турмуш көп нерсеге үйрөтүп, кайраттуу, тайманбас болгонго жетелеген. Режиссёр негизинен башкы каармандын мектепте, көчөдө, айылда болгон кызыктуу окуяларына басым жасаган.

Тасманын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында жана Чүй облусунда тартылган. Кинофильмди көрүүчүлөр жакшы кабыл алып, 1973-жылы V Бүткүл союздук кинофестивалда дипломго татыган. Эки жылдан соң "Эң мыкты балдар тасмасы үчүн" Ардак грамотасын жана "Алая гвоздика" сыйлыгын алган. Эң негизгиси, Альгимантас Видугиристин бул эмгеги дүйнөнүн 43 мамлекетинде көрсөтүлүп, СССРге бир топ киреше, атак-даңк алып келген.

 

1 / 11
Тасмада башкы ролду он жаштагы Кубанычбек Алыбаев аткарган
2 / 11
Баёо Кубанычбек лупа менен көп кабаттуу үйдүн короосундагы курт-кумурскаларды изилдеп жүрөт, четте басып жүргөн режиссёр Видугирис
3 / 11
Кийин белгилүү журналист болгон Бермет Маликова кичинекей кыздын образын жараткан
4 / 11
Кичинекейлер менен кызуу иштеп жаткан киночулар
5 / 11
Балдарга арналган кыска метраждуу тасманы көрүүчүлөр абдан жакшы кабыл алган. Ал фильм азыркыга чейин көпчүлүктүн эсинде
6 / 11
Кинофильмдин басымдуу бөлүгү Бишкек шаары менен Чүй облусунда тартылган
7 / 11
Тасманын директору Петр Елеференко жана режиссёр Альгимантас Видугирис башкы каармандар менен
8 / 11
"Кыргызтелефильмдин" алдында өспүрүмдөргө арналган фильм 1972-жылы кыска убакытта эле тартылган
9 / 11
"Көз айнекчендин" эпизоддору режиссёрдун борбор калаадагы батиринде камерага түшүрүлгөн
10 / 11
Башкы ролдогу Кубанычбек кийин мугалимдикти аркалап, энергетика тармагында эмгектенип келет
11 / 11
Фотографтын алдында шоктонгон кичинекей Кубанычбек Алыбаев