БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Учурдагы татаал жагдайга жана инфраструктуранын жетишсиздигине карабастан, спортту өнүктүрүүгө салым кошуп жаткан адамдарга ыраазычылык билдирем. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров дене тарбия жана спорт кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап жатып айтты.
Өлкө башчынын маалымат кызматы Жапаровдун куттуктоосунун текстин жарыялады.
Анда президент кыргыз спортчуларынын жетишкендиктерин белгилеп, алдыдагы дүйнөлүк ири мелдештерде жеңишке жетет деп үмүт кыларын билдирди.
"Токиодо өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына биздин беш спортчубуз лицензия алды. Алар жеңишке жетип, пьедесталга көтөрүлө алат деп терең ишенем. Ошондой эле Түркияда боло турган IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстандын спортчулары өлкөбүздүн туусун бийик көтөрөт деп зор ишеним артабыз. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары ар дайым өлкөбүздүн атын чыгарып, элибиздин сыймыгы болуп кала берет", — деди ал.
Мындан тышкары, спортчуларга татаал жагдайга жана жетишсиз инфраструктурага карабастан тармакты өнүктүрүүгө салым кошуп жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.
"Дене тарбиянын мамлекетти өнүктүрүүдөгү маанисин жакшы түшүнөм, ошол себептен менин биринчи жарлыгым инсандын руханий, адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө болду. Инфраструктураны өнүктүрүү, дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин эмгек шартын жакшыртуу, массалык жана кесиптик спортту өнүктүрүү мамлекеттик саясаттын маанилүү багыттарынын бири болот", — деп айтылат куттуктоодо.
Сөзүнүн аягында президент спортчуларга ден соолук, бакубат жашоо жана жаңы ийгиликтерди каалады.