Узакка жашайм дегендер күнүнө беш жолу тамактанышы керектиги айтылды

Кеп жасалган тамактар эмес, жашылча жана жемиштер жөнүндө болуп жатат. Кытайлык адистер түрдүү азыктардын пайдасы жана зыяны тууралуу илимий маалыматтарды карап чыгышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Узак жашайм дегендер күнүнө беш жолу жашылча жана жемиш менен азыктанышы керек. Бул тууралуу Science and Technology Daily басылмасы жазды.
111 жашка чыккан аксакал узак жашоо сырлары менен бөлүштү
Бирок изилдөөчүлөр алардын баары эле пайдалуу эместигин белгилеген. Маселен, буурчак, жүгөрү жана картошка олуттуу оорулардын санын азайтпайт. Шпинат, латук (салат), цитрус өсүмдүктөрү, мөмө-жемиш жана сабиз ден соолукка өтө керек экени кошумчаланды.