БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жаңы форма менен камсыздалды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Бүгүн кийимдин 700 комплекти көчө шыпырган кызматкерлерге жана демонтаж боюнча бөлүмгө таратылган.
Учурда "Тазалыкта" иштеген адамдардын саны 1 462ни түзөт. Анын ичинен 693ү көчө шыпырган кызматкерлер.
Буга чейин жүк жүктөгөндөрдүн, таштанды ташыган унаа айдоочуларынын, жол-эксплуатациялык башкармалыктын кызматкерлеринин жана "Ала-Тоо" аянтын караган бригаданын униформасы жаңыланганы белгиленди.