БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Америкалык окумуштуулардын "Спутник V" вакцинасын коронавирустун "түштүк африкалык" штаммына туруштук берүүдөгү майнаптуулугу төмөн дегени жөнсүз, ал Pfizer препаратына караганда бул штаммдан жакшы сактайт. Гамалея атындагы борборго жакын маалымат булагынын бул пикирин РИА Новости жазды.
Буга чейин америкалык окумуштуулардан турган топ MedRxiv сайтына изилдөөнүн препринт вариантын жарыялаган. Анда "Спутник V" башка штаммдарга караганда "түштүк африкалык" түрүнө каршы анча натыйжалуу эмес деген пикирин айтышкан.
"Талкууга алынып жаткан эмгек азырынча рецензиялоо процессинен (бул препринт, акыркы версия финалдык түрү менен айырмаланып калышы мүмкүн) өтө элек. Андан сырткары, макаланын негизги үч авторунун биринде кызыкчылыктардын кагылышы бар экени көрүнүп турат, себеби ал Pfizer/BioNtech боюнча кеп-кеңеш берүүчү кеңешке катышып келет", — деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, вакциналар салыштырылган.
"Ошондой болгон күндө да "Спутник V" ар кыл штаммдардагы вирусту нейтралдоодо активдүүлүгүн көрсөткөндүгүн, натыйжа бергендигин сандар тастыктады. Көйгөй жаратып жаткан "түштүк африкалык" штаммга туруктуулук Pfizer препаратына караганда сезилерлик жогору болду", — деген маалымат булагы.
Ал ошону менен катар эле учурда Европада жайылып жаткан "британиялык" штаммга нейтралдаштыра турган активдүүлүктүн төмөндөшү байкалбагандыгына да көңүл бурган.
"Кошумча тестте гана (кадимки SARS-Cov-2 коронавирусу эмес, везикулярдык стоматиттин суррогат вирусу пайдаланылган) аталган материалдын авторлору "түштүк африкалык" штамм боюнча "Спутник V" препаратынын пайдасына каралбаган айырмачылыкты көрүшкөн", — деген маектеш.
Агенттикке маалымат берген тарап макаладагы чыгарылган жыйынтык "өтө алсыз" (так эмес – ред.) экендигин, себеби жөндүү айтылбаган, такталбаган эскертмесиз суррогат тесттин маалыматтарын SARS-CoV-2 боюнча маселеге алып чыкканга болбостугун айтты. Адис жыйынтык кошумча көрсөткүч боюнча болуп жаткандыгын кошумчалады.
Ал Pfizer жаатында кеңешчи болгон адистер Pfizer вакцинасынын тесттери боюнча маалыматтарды бербегендиги таң каларлык болуп жаткандыгын да айткан.
"Документтер ушундай педанттык менен толтурулгандыгын эске алсак, бул капыстан жасалгандык, кокустук экендигине ишенүү мүмкүн эмес. Жыйынтыгында авторлорго ыраазылык билдиргиң келет. Алардын көз карандысыз баасы буга чейин жарыяланып, "Спутник V" препаратынын ишенимдүүлүгү, майнаптуулугу боюнча айтылып-делип келгендерди дагы бир ирет далилдеди" — деген ал.
"Спутник V" санай келгенде калкы 1,5 миллиард адамга жеткен 59 өлкөдө катталган. Анын майнаптуулугу 91,6 пайызды түзөт. Препарат адамдын аденовирус векторунун мыкты изилденген платформасынын негизинде түзүлгөн. Эки ирет эмдөөдө ар кыл эки вектор колдонулуп, ал узак мөөнөттүү иммунитетти берет.
Маалымат булагы Гамалея борбору өзү жүргүзгөн изилдөө 2021-жылдын май айында рецензияланган илимий журналга жарыяланарын айтты. Бул изилдөөлөр америкалык окумуштуулардагыдай 12 адам эмес, андан ашык адамга тандоо жасалып колдонулган. Россиялык вакцинанын жаңы штаммдарга, анын ичинен "түштүк африкалык" түрүнө каршы колдонууда башка вакциналарга, ошол эле Pfizer препаратына караганда натыйжасы жакшы болгондугун көрсөтүп берет.