Шаршембиге карата аба ырайы

Нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоо этектериндеги аймактарынын төмөн жерлерин суу капташы мүмкүн. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында сел жүрүшү ыктымал.
Sputnik
БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Шаршембиде күндүз республиканын айрым аймактарында жаан-чачын күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +15…+20, Таласта +14…+19, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +16…+21, Ысык-Көлдө +5…+10, Нарын өрөөнүндө +6…+11 градус жылыйт.
Бишкек жана Ош шаарларында жаан жаашы мүмкүн. Күндүн табы борбордо +17…+19, Ош шаарында +18…+20 градусту көрсөтөт.