"Ош" базарынан аялдын сумкасынан 10 миң доллар уурдады делген киши кармалды

Арыз жазган жабырлануучу 21-март күнү кызынын сумкасынан белгисиз кишилер ири суммадагы акчаны уурдап кеткенин айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 6-апр. – Sputnik. "Ош" базарынан аялдын сумкасынан 10 миң долларын жана 50 миң рублин уурдоого шектелип 38 жаштагы А.Г. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.
"Ош" базарынан аялдын сумкасынан 10 миң долларын жана 50 миң рублин уурдоого шектелип 38 жаштагы А.Г. аттуу жаран кармалды
21-март күнү борбор калаанын жашоочусу милицияга арыз жазып кайрылган. Ал ошол эле күнү түшкү саат 13:40тар чамасында Киев менен Кулиев көчөлөрүнүн кесилишкен жеринде белгисиз адамдар кызынын сумкасынан 10 миң доллар жана 50 миң рублди уурдап кеткендигин билдирген.
Чөнтөк уурулардан кантип сактанууга болот? Милициянын кеӊеши
Факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 200-беренеси ("Уурулук") боюнча каттоого алынган.
Издөө иш-чараларынын негизинде шектүү катары 38 жаштагы А.Г. кармалып, Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Милициядан учурда тергөө иштери жүрүп жатканын кабарлашты.