Дзюдочу Кубанычбек Айбек уулу Азия жана Океания чемпионатынан коло байге утту

Континенталдык чемпионат бүгүн, 6-апрелде, старт алды. Мындай ири мелдеш өлкө тарыхында алгачкы ирет өтүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Кыргызстандык дзюдочу Кубанычбек Айбек уулу Бишкекте өтүп жаткан Азия жана Океания чемпионатында коло байге утту. Мелдештин жүрүшүн КТРКнын Спорт каналы түз алып көрсөттү.
60 килограмм салмакта күч сынашкан Айбек уулу коло байге үчүн таймашта өзбекстандык Кемран Нуриллаевди иппон ыкмасы (таза жеңиш) менен утуп алды.
Эскерте кетсек, кыргызстандык спортчу 8/1 финалда түркмөн балбаны Хакберди Жумаевди, чейрек финалда казакстандык Элдос Сметовду уткан. Жарым финалда Кытайдын Тайбэйинин атлети Юнг Вэй Янгга жеңилген болчу.
Бишкекке Япония менен Кореянын дзюдочулары чемпионатка катышууга келди. Сүрөт
Дзюдо боюнча Азия жана Океания чемпионаты бүгүн, 6-апрелде, старт алды. Мындай ири мелдеш өлкө тарыхында алгачкы ирет өтүп жатат. Чемпионаттын жыйынтыгы менен спортчулар Олимпиада оюндарына рейтинг топтошот.
Жарыш Эл аралык дзюдо федерациясы бекиткен алгоритмге ылайык өткөрүлүүдө. Бардык санитардык эрежелер сакталып, көрүүчүлөр киргизилген жок.
Программага ылайык, эртең, 7-апрелде, 73 килограмм жана 81 килограмм салмакта эркектер арасында таймаш жүрөт. Кыргызстандан Бексултан Султанов жана Владимир Золоев килемге чыгат.
Ал эми кыз-келиндерден 63 жана 70 килограмм салмактагы балбандар мелдешет. Анда 63 килограмм салмакта ата мекендик спортчу кыздар Ажар Исаева менен Айжан Кадырбекова өлкө намысын коргошот. Квалификациялык беттештер саат 10:00дө башталат. Ал эми 17:00дө финалдык кармаштар өтөт.