Казакстан Кыргызстанга аскердик техниканы бекер бермекчи. Жардамдын тизмеси

Мыйзам долбоорунда өзүнчө пункт менен кыргыз тарап макулдашуунун алкагында алган жардамды үчүнчү жактарга бере албай турганы белгиленген.
Sputnik
БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Казакстандын Коргоо министрлиги Кыргызстанга колдонулбай турган аскердик мүлкүн бекер берүүнү карап жаткандыгын Sputnik Казакстан жазды.
"Казакстандын Кыргызстанга аскердик-техникалык жактан акысыз көрсөтө турган жардамы боюнча өкмөттөр аралык макулдашуусун ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоору талкуулоо үчүн Ачык ченемдик-укуктук актылар порталына жайгаштырылган", — деп кабарлады Sputnik Казакстан.
Мыйзам долбоорун иштеп чыгуу чечими Кыргызстан президенти Садыр Жапаровдун 2-3-мартта Казакстанга, анын ичинен Нур-Султанга болгон мамлекеттик сапарынан кийин кабыл алынганы айтылган.
Жапаров менен Токаев талкуулаган маселелер. Жолугушуунун сүрөттөрү
"Документке ылайык, Казакстандын Коргоо министрлиги колдонулбаган аскердик мүлкүн кыргызстандык кесиптештерине бекер берүүгө даяр. Анын максаты — эки элдин достук маанайдагы мамилеси менен аскердик кызматташуусун андан ары өнүктүрүү, мындан сырткары, Борбор Азия аймагындагы коопсуздукту бекемдөө", — деп жазылган маалыматта.
Мыйзам долбоорунда өзүнчө пункт менен кыргыз тарап макулдашуунун алкагында алган бул жардамды үчүнчү жактарга бере албай турганы белгиленген.
Талкууга коюлган документте бериле турган аскердик техникалардын төмөнкү тизмеси да жайгаштырылган: