Тааныш-билиш менен кызматка алгандын арты эмне болот. Sputnik мультфильми

Карышкырлар миңдеген жылдар аңчылык менен жашап, акыры тажаштыбы, айтор, жашоо нугун өзгөртүү чечимине келишет. Чогулуп алып "движение кылыш керек. Кай жактан күчтүүбүз? Албетте, эт жагынан. Эт комбинатын ачып, башка айбанаттарга сатабыз" дешет.
Sputnik
Бөрүлөрдүн жаңы кадамы жакшы эле келе жаткан, бирок аткаминерлер айткандай, чалагайым кадр саясаты баарынын таш-талканын чыгарды. Эт комбинаттын директору тууганы балыкты кызматка алды. "Жардамчы" жакшы иштей албай, карышкырлардын жөнгө салынып калган өндүрүшүн өчөйттү. Жаман деле ою жок караламан калкын үйүрдүн башчысы менен балык өзү деле жамандык каалабай кагыштырып алды.
Кыргызстанда мыйзамды уруп ойнобой... Sputnik мультфильми
"Sputnik мультфильми" — Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин окурманга дүйнөдө болуп жаткан экономикалык, социалдык, саясий жана башка татаал процесстерди каймана чагылдырып бере турган долбоору.
"Sputnik мультфильми" агенттиктин окурмандары көнүп калган адаттагы башка материалдарына окшобогону менен бирөөнүн намысына шек келтирүү максатын көздөбөйт. Мультфильмдеги кадрларды коштоо жана материалды берүү үчүн зарыл болгон тексттер окулуп, анын ичинен сленг колдонулат.