БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Өткөн суткада коронавирус 139 кишиден аныкталып, 107 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
Ушуну менен өлкөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 89 153кө жетти. Анын ичинен 85 271 адам дартты жеңген.
Айыккандар:
Тилекке каршы, өткөн суткада Бишкекте бир бейтап коронавирустан каза тапкан. Аны кошкондо көз жумгандардын жалпы саны 1 507 болду.
Азыркы тапта өлкө боюнча коронавирус аныкталган 648 бейтап стационарларда дарыланууда. Андан сырткары, 774 бейтап медициналык жардамды үй шартында алып жатат.