Facebook: маалыматтардын ачыкталышы эмнеси менен кооптуу экени айтылды

Кечээ Facebook социалдык тармагынын 533 миллион колдонуучусунун аты-жөнү жана телефон номери ачыкталып кеткени кабарланган болчу. Арасында компаниянын негиздөөчүсү Марк Цукерберг дагы бар.
Sputnik
БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Жеке маалыматтары ачыкка чыгып кеткен Facebook колдонуучулары банктагы эсебинен акчасын алдырып жиберем деп сарсанаа болбой эле койсо болот. Анын башка кесепети бар экенин РИА Новости жазды.
Адистердин айтымында, интернет шылуундары эки максатты көздөшү мүмкүн. Биринчиси — социалдык инженерия. Буга катталуучунун жашыруун нерселерин билүү, сыр сөздөрүн, банктык маалыматтарына жана башка корголгон системаларына ээлик кылуу болуп саналат.
Экинчи максаты — колдонуучулардын оюн адаштырып пайда көрүү. Алдамчылар аларга көрүнүктүү компаниянын өкүлү катары кат кетирип же чалып, жашыруун деген маалыматтарын билүүгө аракет жасашат.
"Интернет чабуулчулары топтогон маалыматтар банктагы же картадагы акчаларды чыгарып кеткенге жетишсиз. Ошондуктан сизге кошумча чалышат. Эгерде мурда-кийин банкка байланышып, адистердин жардамын күтүп жатпасаңыз, телефонду сылык эле коюп салган туура. Ушундай эле чалуулар дүкөн, камсыздандыруу компанияларынан же башка жактардан болушу мүмкүн", — деген адистер.
Facebook жүздү таануу технологиясын колдонгону үчүн 650 млн. доллар айыпка жыгылды
Кечээ Business Insider басылмасы Facebook социалдык тармагынын 106 мамлекеттеги 533 миллион колдонуучусунун аты-жөнү жана телефон номери ачыкталып кеткенин кабарлаган болчу. Муну хакерлер өздөрү да моюндаган. Мында кеп пайдалануучулардын толук аты, жүргөн жери, туулган жылы тууралуу болуп жатат. Ал гана эмес, Facebook социалдык тармагынын негиздөөчүсү Марк Цукерберг тууралуу да маалыматтар интернетке тарап кеткен.
Аталган социалдык тармакты 2004-жылы Марк Цукерберг негиздеген. Штаб-квартирасы Калифорнияда жайгашкан. Facebook учурда Messenger, WhatsApp жана Instagram сервистерине ээлик кылат.