Бишкекте "Россиядан билим алуу" көргөзмөсү өтөт. Окуу жайлардын тизмеси

Бишкекте жана Чүй облусунун шаарларында абитуриенттер менен жолугушуу болот. Аларга Россиядагы окуу жайлар боюнча маалымат берилет.
Sputnik
БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. 8-10-апрель аралыгында Касымалы Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасында жыл сайын өтүүчү "Россиядан билим алуу" көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу Россиянын Бишкектеги Илим жана маданият борборунан билдиришти.
Иш-чара эртең мененки саат 10:00дөн кечки 17:00гө чейин болот. Кирүү акысыз.
Көргөзмөнү "Москва классиктери" коомдук фонду Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн, Билим берүү жана илим министрлигинин, Бишкек мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын жана Республикалык балдар жана жаштар китепканасынын колдоосу менен уюштурууда.
"Бишкекте, Токмокто, Кантта, Шопоковдо жана Кара-Балтада абитуриенттер менен жолугушуу болот. Анда билим берүү программалары, предметтик тестирлөөлөр боюнча презентация уюштурулуп, жогорку билим алуу боюнча консультация берилет", — деп айтылат маалыматта.
Көргөзмөгө катыша турган окуу жайлардын тизмеси: