Бишкекте Өкмөт үйүнүн алдында эки митинг өтүүдө. Сүрөттөр

Биринчи митингдин катышуучулары ордо калаада мыйзамсыз салынып жаткан курулуштарга нааразы болуп чыккан. Экинчи митингчилер — профсоюздун өкүлдөрү.
Sputnik
БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Бишкекте Өкмөт үйүнүн алдында эки митинг өтүүдө.
Биринчи митингдин катышуучулары ордо калаада мыйзамсыз салынып жаткан курулуштарга нааразы болуп чыккан. Алардын айтымында, мэрия куруучулар менен жең ичинен сүйлөшүп алып, турак үйлөрдүн ортосуна көп кабаттуу үйлөрдү салууга уруксат берүүдө.
1 / 4
Бишкекте Өкмөт үйүнүн алдында эки митинг өтүүдө
2 / 4
Биринчи митингдин катышуучулары ордо калаада мыйзамсыз салынып жаткан курулуштарга нааразы болуп чыккан
3 / 4
Алардын айтымында, мэрия куруучулар менен жең ичинен сүйлөшүп алып, турак үйлөрдүн ортосуна көп кабаттуу үйлөрдү салууга уруксат берүүдө
4 / 4
Нааразычылык акциясына болжол менен 50гө чукул адам чогулганы маалым болду
Нааразычылык акциясына болжол менен 50гө чукул адам чогулганы маалым болду.
Эски аянттагы митингчилер аткаминердин тамекисин өчүртүштү. Видео
Кийинчерээк аларга Кыргызстандын профсоюзчулары кошулган. Тынчтык акциясынын катышуучуларынын айтымында, алар "Профессионалдык союздар жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү" тууралуу мыйзам долбоорунун кабыл алынышына нааразы. Буга чейин аталган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш жактырып, президенттин кароосуна жиберген.
Митингчилер Садыр Жапаров аларды кабыл алышын талап кылышууда. Чогулгандар колдоруна Профсоюздар федерациясынын төрагасы Мирбек Асанакунов менен эл өкүлү Гүлкан Молдобекованын сүрөтүн көтөрүп, "эмгекчил элдин душманы" деп жазып алышкан.