БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Эртең борбор калаанын 44 көчөсүндө электр кубаты өчүрүлө тургандыгын "Түндүк электр" ишканасы эскертти.
Бул күнү бригадалар электр кабелдерин тартып, трансформатор жабдууларынын бузулган жерлерин оңдоп-түзөп, электр зымдардын түркүктөрүн орнотуп, өсүп кеткен бутактарды кырка турганы маалымдалды.