COVID: соңку суткада 4 киши көз жумуп, 172 адам ооруду. Акыркы статистика

Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алган жаңы учурлар мурдагы күнгө караганда 30 кишиге арбын болду.
Sputnik
БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Соңку бир сутканын ичинде өлкөдө 172 киши COVID жуктурганы аныкталып, төрт адам көз жумуп, 87 бейтап айыгып кетти. Бул туурасында Республикалык штабдан кабарлашты.
"Бишкекте үч, Чүй облусунда бир адам каза тапты. Стационарда 119 киши оор, 29 бейтап өтө оор абалда жатат", — деп айтылган маалыматта.
Бир сутка ичинде коронавирусту жуктуруп алгандар:
Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда:
Акыркы сутка ичинде 2497 ПЦР-изилдөө жүргүзүлгөн.
Кыргызстан боюнча бүгүнкүгө чейин коронавирус менен 89 014 адам ооруп, алардын ичинен 85 164 бейтап айыгып кеткен.
Учурда амбулатордук дарыланууда 768 бейтап бар.