Бишкекте Чоң Чүй каналына автоунаа түшүп кетти. Сүрөттөр

Окуя Бакай-Ата жаңы конушунда болгон. Алдын ала маалыматтарга караганда, айдоочу автоунааны башкара албай калган.
Sputnik
БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Бишкекте Чоң Чүй каналына Mercedes Benz үлгүсүндөгү жеңил автоунаа түшүп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.
1 / 2
Бишкекте Чоң Чүй каналына Mercedes Benz Е211 үлгүсүндөгү жеңил автоунаа түшүп кетти
2 / 2
Окуя Бакай-Ата жаңы конушунда болгон. Алдын ала маалыматтарга караганда, айдоочу автоунааны башкара албай калган
Бишкектин четинде үч автоунаа кагышты. Жеринен тартылган видео
Автокөлүктү суудан алып чыгуу үчүн суучулдардан тышкары атайын техниканы тартууга туура келди.
Автомашина суудан чыгарылары менен Кайгуул милициясына өткөрүп берилди. Кырсыктын чоо-жайы такталып жатат.
Көз жумгандар жана жабыркагандар болгон жок.