Бишкекке Япония менен Кореянын дзюдочулары чемпионатка катышууга келди. Сүрөт

Дзюдо боюнча мындай турнир Кыргызстандын тарыхында алгачкы ирет өтөт. Ага 32 мамлекеттин спортчулары катышат.
Sputnik
БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Бишкекке Япония менен Кореянын курама командалары дзюдо боюнча Азия жана Океания чемпионатына катышуу үчүн келди. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги кабарлады.
1 / 3
Бишкекке Япония менен Кореянын курама командалары дзюдо боюнча Азия жана Океания чемпионатына катышуу үчүн келди
2 / 3
Мелдеш 6-9-апрель күндөрү Бишкектеги "Газпром" ден соолукту чыңдоо борборунда өтөт
3 / 3
Ага 32 мамлекеттин спортчулары катышат
Мелдеш 6-9-апрель күндөрү Бишкектеги "Газпром" ден соолукту чыңдоо борборунда өтөт. Ага 32 мамлекеттин спортчулары катышат.
"Чемпионатты коронавирус шарттында өткөрүү протоколуна ылайык, ар бир командага өзүнчө транспорт, медициналык текшерүү, ПЦР-тест жана 24 саат байкоо жүргүзүү шарты каралган", — деп айтылат маалыматта.
Азия жана Океания мелдешине Австралия, Бахрейн, Кытай Тайбэйи, Фиджи, Гуам, Гонконг (Кытай), Индия, Иран, Япония, Иордания, Казакстан, Кирибати, Кувейт, Кыргызстан, Ливан, Монголия, Непал, Жаңы Зеландия, Пакистан, Кытай, Филиппиндер, Катар, Түштүк Корея, Сауд Аравиясы, Сирия, Тажикстан, Таиланд, Тонга, Түркмөнстан, Бириккен Араб Эмирлиги, Өзбекстан жана Йемен өлкөлөрүнөн атлеттер катышат.
Бишкекте өтө турган Азия жана Океания мелдешине 32 өлкөнүн балбандары катышат
Дзюдо боюнча мындай турнир Кыргызстандын тарыхында алгачкы ирет өтөт. Чемпионат олимпиада оюндарына рейтинг топтоочу мелдештердин катарында турат.
Жарыш Эл аралык дзюдо федерациясы бекиткен алгоритмге ылайык өткөрүлөт. Бардык санитардык эрежелер сакталып, көрүүчүлөр киргизилбейт. Бишкекте күйөрмандар үчүн фан-зона уюштурулмакчы.