"Бакай банк Жаз деми" марафону Бишкекке батыш тараптан кирип келе жаткан аймактагы "Аска-Таш" комплексинен башталды. Катышуучулар "Манас" аэропортуна жетип кайра кайтышты.
Былтыр пандемияга байланыштуу бул иш-чара болбой калган. Быйыл катышуучулар карантиндик эрежелерди сактоо менен аралыкты чуркап өтүштү.
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу аталган иш-чаранын расмий өнөктөшү болду.