БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Оштун Алай районунун Белекбаев айыл аймагындагы Терек айылында мал карап жүрүп жоголгон 14 жаштагы бала изделип жатканын ӨКМ кабарлады.
Өспүрүм 2-апрель күнү жоголгон. Издөө иштери натыйжа бере элек.
Бүгүн баланы издөөгө ӨКМдин 30 куткаруучусу, ИИМдин он кызматкери жана жергиликтүү тургундар чыккан.