Мурдагы вице-мэр Алымкулов менен УКМК кызматкери эки айга камалды

Кармалган кызматкерлер мыйзамсыз байыган жана жер тилкелерди колдонууга берүүдө коррупциялык ишке барган деп айыпталууда.
Sputnik
БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Борбор калаанын мурдагы вице-мэри Азиз Алымкулов жана УКМКнын Бишкек шаары боюнча райондук башкармалыгынын бөлүм башчысы №1 тергөө абагына киргизилди. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан билдиришти.
Абылгазиев менен Сегизбаевдин камактагы мөөнөтү эки айга узартылды
Мурдагы вице-мэр менен УКМК кызматкери мыйзамсыз байыган жана Бишкектеги кымбат баалуу жер тилкелерди колдонууга берүүдө коррупциялык ишке барган деген шек менен кармалган.
Тергөөнүн версиясы боюнча, жогорку кызматтагы адамдар дагы башка кызматтагылар менен сүйлөшүп алып Бишкек шаарынын мэриясында иштегендерге басым жасаган. Алар жер участокторун тааныш адамдарына каттатууга аракет кылышкан.