БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Сокулук районунда жеңил автоунааларды жүктөп бараткан трал күйүп кеткенин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Өрт болгон жерден тартылган видеону "Короче" Instagram баракчасы чыгарды.
ӨКМ өрт тууралуу 2-апрелде түнкү саат 00:00 чамасында чакыруу түшкөнүн билдирди. Жалын 3-апрелге караган түнү саат 01:05те чектөөгө алынып, 1:48де толугу менен өчүрүлгөн.
Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. Алдын ала маалыматтар боюнча, жаракат алгандар жок.