Өкмөт жол эрежесин бузгандарга айып пулду азайтууну чечти

Айып пулду азайтуу чечимин кабыл алууга өлкөдө азык-түлүктүн жана күйүүчү майдын жогорулашы негиз болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Кыргыз өкмөтү жол эрежесин бузган айдоочуларга салынган айып пулдун көлөмүн азайтуу боюнча токтом долбоорун даярдап жатат. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов Facebook баракчасы аркылуу түз эфирде билдирди.
Анын айтымында, айып пулду азайтуу чечимин кабыл алууга өлкөдө азык-түлүктүн жана күйүүчү майдын жогорулашы негиз болгон. Мындай каатчылыкты эске алуу менен учурда токтом долбоору даярдалууда. Жакынкы күндөрү Жогорку Кеңештин кароосуна жиберилет.
Марипов айып пулдардын кайсы түрү жана канча сомго кыскартылары боюнча айткан жок.