Темир тулпардагы сулуулар. Motorsport Expo — 2021 көргөзмөсүнөн 11 сүрөт

Sputnik

Көргөзмөдө ар кандай өндүрүштөгү спорттук жана жарышка ылайык чыгарылган техникаларды көрүүгө болот. Айрымдар россиялык белгилүү автожарыштын спортчулары менен баарлашса, кээ бирөө эксклюзивдүү транспорттун жанында сүрөткө түшүп жатат. Ошондой эле жарышка чыгарылган унааны арзан баада сатып алып жатканы да бар.

Мындан сырткары, иш-чарада дене мүчөсү келишкен сулуулар көргөзмөгө коюлган техникалардын көркүнө көрк кошконун көрүүгө болот.

Кененирээк Sputnik Кыргызстандын сүрөт түрмөгүнөн көрүңүз.

 

1 / 11
Көргөзмө Москвадагы "Экспоцентрде" 2-апрелде ачылган
2 / 11
Бул Россиянын жарыш спортуна байланышкан техникалардын төртүнчү ири көргөзмөсү
3 / 11
Көргөзмөнүн катышуучулары техникаларды өндүргөн тарап. Мындан сырткары, аталган тармактын таанымал командалары жана легендарлуу спортчулар
4 / 11
Ар кайсы өлкөнүн компаниялары иш-чарага жаңы машиналарын, мотоциклдерин, ошондой эле катуу ылдамдыкта жүрүүчү техникаларын алып келишкен
5 / 11
Уюштуруучулар келген көрүүчүлөр үчүн ары кызыктуу жана ар түрдүү программалар даярдалган деп ишендирүүдө
6 / 11
Көргөзмөдө көптөгөн сулуу моделдерди көрүүгө болот. Мисалы, тартип коргоо органдарынын кийимин кийген кыз бар
7 / 11
Көргөзмөнүн уюштуруучулары ар бир катышуучу же конок уюштуруучулар менен баарлашуусуна ыңгайлуу шарттарды түзгөн
8 / 11
Келген конокторго дрондордун жарышын, белек ойнотуу жана спорттук таймаштар болору убадаланган
9 / 11
Уюштуруучу иш-чара жөн гана унаа жана мотоцикл менен чектелбей турганын билдирди
10 / 11
Конокторго көргөзмөгө коюлган техника, анын көркүнө көрк кошкон сулуулар менен сүрөткө түшүүгө мүмкүнчүлүк беришүүдө
11 / 11
Көргөзмө 4-апрелде жыйынтыкталат. Россиялыктардын жана келген коноктордун иш-чарага катышуусуна дагы бир күн убакыт бар