Бишкектин четиндеги эки мектеп коронавирустан улам кайра онлайн окууга өттү

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда, чечимди райондун ыкчам штабы санэпидстанциянын көрсөтмөсү менен чыгарган.
Sputnik
БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Сокулук районундагы эки мектепте коронавирус табылгандыктан окуучулар кайра онлайн окууга өтүштү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Бишкек, Чүйдө көбөйүүдө. Коронавирустан 2 бейтап каза болуп, 142 адам жуктурду
Ушул эле райондогу Жаңы-Жер айылындагы орто мектеп дагы 5-апрелден 19-апрелге чейин аралыктан окуу режимине өттү. Себеби окуучу кыздын энеси COVID жуктуруп ооруканада жатканы белгилүү болгон. 
Чечимди райондун ыкчам штабы санэпидстанциянын көрсөтмөсү менен чыгарган.