Мамлекеттик карыз боюнча рекорд жаңыланды

Быйыл мамлекеттик карызды төлөөгө 37 миллиард 266 миллион сомду жумшоо пландалууда. Бул рекорддук сумма.
Sputnik
БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Мамлекеттик карыз, анын ичинен тышкы карыз рекорддук көрсөткүчтөрүн жаңылады. Мындай жыйынтыкты Каржы жана экономика министрлигинин маалыматтарына анализ жасап чыгарса болот.
Токтогул суу сактагычында суу азайды. Жарык кайрадан өчүрүлө баштайбы?
Тышкы карыз быйылкы жылдын январь айына карата 4 миллиард 221,6 миллионду көрсөткөн. Ага чейинки рекорд (азыркыдан 3 миллионго аз болчу) 2020-жылдын ноябрь айында катталган.
Белгилей кетсек, былтыркы жылдын май айынан тарта тышкы карыздын көлөмү 4 миллиард доллардан ашкан.
Быйыл мамлекеттик карызды төлөөгө 37 миллиард 266 миллион сом жумшоо пландалууда. Бул рекорддук сумма.