Радио

Качкымбаев: Кыргызстанда сумо күрөшү менен кыздар да машыгат

Сумо күрөшү боюнча эл аралык категориядагы калыс, курама команданын машыктыруучусу Эмирлан Качкымбаев Кыргызстанда сумо күрөшү менен кыздар да машыгып, мелдештерге катыша баштаганын айтты.
Sputnik
Кыздардын сумого кызыгуусу орто деңгээлде болгонуна карабастан, атаандаштык көрсөтө ала турган перспективдүү спортчулар көп. Мындай пикирин Эмирлан Качкымбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек учурунда билдирди.
Анын айтымында, өлкө чемпионатында кыздардын саны көбөйсө, атаандаштык жаралып, Азия, дүйнө чемпионаттарына катышууга жол ачылмак.
"Дүйнөлүк сумодо кыздар абдан жакшы деңгээлге чыкты. Мисалы, Украинанын балбан аялдары укмуштуу ыкмаларды көрсөтүү менен көпчүлүктү таң калтырып, үлгү көрсөтүп келишет. Кыргызстанда кыз-келиндер арасында абал орто деген баада. Сумо менен машыккандардын саны башка спорттун түрлөрү сыяктуу эле көп эмес. Сумого кызыккан кыздар көбөйсө дейбиз. Бишкекте сумо үчүн бир канча жерде спорттук машыгуу залдары бар. Спортчуларга ыңгайлаштырылган атайын шарттар да каралган", — деди Качкымбаев.
Ошондой эле машыктыруучу күчтүү, балбан кыздарды сумо күрөшү менен алектенүүгө чакырып кетти.