Хабиб ММА спортунда кайсы футболчу кандай ийгиликке жетерин болжоду. Видео

UFC уюмунун экс-мушкери Хабиб Нурмагомедов футбол жылдыздарынын кимиси ММА спортунда кандай ийгиликке жетерин айтты. Жеңилбес чемпион 2000-жылдардагы футболчуларды мисалга алды.
Sputnik
Хабиб Pound-for-pound (салмагына карабастан мыкты деп табылган мушкер) бөлүгүндө бразилиялык легендарлуу Роналдону тандады.
Эстен тандыра соккон мушкер (нокаутер-рубак) наамына Швеция курама командасынын мурдагы капитаны Златан Ибрагимовичти атады.
Кардио-машина деген атакка Павел Недвед аттуу тарыхтагы эң ийгиликтүү чехиялык футболчуну көрсөттү.
Нганну ай-буйга келтирбей Миочичти утуп, оор салмактын "падышасы" болду. Видео
Эмгекчил (пахарь) деген бөлүккө Нурмагомедов бүгүнкү күндө УЕФАнын Чемпиондор лигасы мелдешин үч башка команда менен жеңген, нидерланддык футболчу Кларенс Зеедорфту тандаган.
Темирдей жаак (железная челюсть) деп 2006-жылы Италия курама командасы менен дүйнө чемпионатын уткан Мауро Каморанезини атады.
Техникасы мыкты грэпплер деген наамга дагестандык спортчу, Франциянын мурдагы капитаны, дүйнө чемпиону Зинедин Зиданды көрсөттү. Ал футбол тарыхындагы эң мыкты оюнчулардын бири деп саналат.
Ал эми дагы бир франциялык атактуу футболчу Эрик Кантона Хабибдин пикиринде, башкы трештокер деп саналат. Кантона "Манчестер Юнайтед" клубу менен Англиянын чемпиондугун төрт жолу уткан.
Мыкты балбан-мушкер деген наамга бразилиялык коргоочу Роберто Карлостун ысымы айтылды.
Greatest of all time (эң мыкты) деген наамга португалиялык Криштиану Роналду татыды. Ал айрым футбол адистеринин пикири боюнча, тарыхтагы эң мыкты футболчу деп табылган.