Димаш Кудайбергендин казакча рэп жаңырган англис тилиндеги ыры жарык көрдү

Ыр англис тилинде аткарылганы менен анда казакча рэп да бар. Мындан сырткары, домбуранын фанк стилиндеги үнү жаңырат.
Sputnik
БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Ырчы Димаш Кудайберген "Be with me" ("Мени менен бол") деген аталышта жаңы ыр чыгарды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан маалымат агенттиги жазды.
Ыр англис тилинде аткарылганы менен анда казакча рэп да бар. Мындан сырткары, домбуранын фанк стилиндеги үнү жаңырат.
Димаш Кудайберген YouTube "Алтын кнопкасын" алды. Видео
Димаштын ырларына аранжировка жазган Ерлан Бекчуриндин айтымында, бул композицияны жаратуу учурунда алар Майкл Жексон, Куинси Жонс жана Стиви Уандердин чыгармаларына шыктанган.
Трек популярдуу делген бардык музыкалык аянтчаларга жарыяланган. 
"Be with me" композициясы алгачкы жолу Dimash Digital Show онлайн-концертинин финалында жаңырган. Премьера тууралуу көпчүлүк билген эмес.