Бутту жабыркатпай турган бут кийимди кантип тандоо керек. Ортопеддин кеңеши

Эгер бут кийим туура эмес тандалса, ал бутту кысат, терини жабыркатып берчти пайда кылат. Бирок тамандын мындай деформациясы ыңгайсыз бут кийимди көпкө кийгенден кийин пайда болот.
Sputnik
БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Туура эмес тандалган бут кийим таман, тери жана тырмактардын бузулушун шарттайт. Бул тууралуу ортопед-травматолог Антон Девицев Sputnik радиосуна берген маегинде билдирди.
Дарыгер туура эмес өлчөмдөгү бут кийим ынгайсыздыктан сырткары таманга ар түрдүү залакасын тийгизерин эскертти.
"Көпчүлүк тар бут кийимди бир аз убакыт кийилгенден кийин чоюлуп, туура келип калат деген ойдо болушат. Бирок ага чейин таман жабыркайт. Манжалар кысылып, бутта чор пайда болот. Ал өз учурунда кээ бир ооруларга алып келет. Туура эмес бут кийимден тырмактар деформацияланып, астында гематома пайда болушу ыктымал. Бирок мунун баары бут кийимди алмаштырганда дароо жоголот", — деди Девицев.
Май тамандуулуктун бир себеби — ымыркайдын жөрмөлөбөгөндүгүндө. Ортопеддин маеги
Ортопед-травматолог буттун үстүңкү бөлүгү өйдө болгон адамдар бут кийим алууда көп кыйынчылыктарга дуушар болорун кошумчалады.
"Эгер бут кийим туура эмес тандалса, ал бутту кысат, терини жабыркатып берчти пайда кылат. Бирок тамандын мындай деформациясы ыңгайсыз бут кийимди көпкө кийгенден кийин пайда болот. Мындай адамдарга резинасы үстү жагында жайгашкан бут кийим тандоо керек", — деп кеңеш берди дарыгер.
Девицев ар түрдүү силикон батек пайдалануудан мурун адис менен кеңешүү керектигин белгиледи.