Марипов: автоунаалардын терезесин акы төлөп караңгылатууга уруксат беребиз

Былтыр Экономика министрлиги унаалардын терезелерин караңгылатуудан акы алуу мыйзам долбоорун иштеп чыкканда өкмөт четке каккан.
Sputnik
БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Бюджетке кошумча каражат тартуу үчүн автоунаалардын терезелерин караңгылатууга уруксат берүү каралууда. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов Facebook баракчасы аркылуу түз эфирге чыкканда билдирди.
Анын айтымында, учурда өкмөттө бул боюнча сунуштар даярдалып жатат.
"Буга чейин да көп талкуу болгон. Автоунаалардын терезесин караңгылатуудан бюджетке кошумча каражат алып келсе болот. Ушул жаатта биз сунуштарды даярдап жатабыз. Жакынкы аралыкта токтом долбоору Жогорку Кеңешке киргизилет. Кээ бир өлкөлөрдө маселе ушундай чечилген", — деди Марипов.
Белгилей кетсек, өткөн жылы Экономика министрлиги автоунаалардын алдыңкы жана капталдагы терезелерин караңгылатуудан акы алуу мыйзам долбоорун иштеп чыгып, коомдук талкууга коюлган.
Бирок ошол кездеги өкмөт бул "Коопсуз шаар" долбоорунун ишине залакасын тийгизет деген жүйө менен четке кагып келген. Себеби камералар телефон менен сүйлөшүп бара жаткандарды жана коопсуздук курун тагынбагандарды каттай турганы айтылган.